super.kg logo

Астротөлгө: 5-мартта төрөлгөндөр тазалыкты, сулуулукту жактырган элпек адамдар

 

5-март күнү төрөлгөндөр акылдуу, эркиндикти сүйгөн, өзүнө ишенген адамдар. Алар эр жүрөк болгондуктан кандай кырдаал болсо да өзүнө жаккан ишти жасоого тырышат. Ою бир жерде турбайт, бир нерсеге кызыгып калса болгон оюн, каалоосун бат эле алмаштырып жибериши мүмкүн. Ал эми жумушта, кесиптештеринин арасында дайыма өзүн көрсөткүсү келет. Табиятынан достукту баалашат, ошондуктан айланасында курчаган достору, жакындары көп.

Зирек, чыгармачыл, тазалыкты, сулуулукту жактырган элпек адамдар. Сезимтал жана эмоционалдуу келишет, ошентсе да бир ишти аткарарда ал сапаттарын артка таштап, ишти натыйжалуу бүтүрүшөт. Кайталанма, окшош күндөрдү жактырышпайт, ошондуктан өзүн-өзү алаксытып ырдап-бийлеп да жиберишет.

Бат сүйүшөт, бирок туруктуу мамиле курууга келгенде ойлонуп калышат. Сүйүктүүсүнө ар дайым сый көрсөтүп, камкор болууга аракет кылышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: