super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Аксыда жолду оңдоо үчүн жылына өкмөттөн акча бөлүнөт, оңдомуш болуп төккөн шагылды сел жууп кетет" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кой-Таш айылынын жолу начар абалда. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кой-Таш айылынын 5 чакырым жолу өтө начар абалда. Эл көп жашайт. Мектеп бар, медициналык пункт иштейт. Ушул жолду оңдоо үчүн жылына өкмөттөн акча бөлүнөт. Эптеп оңдомуш болуп, шагыл төгүшөт. Бирок жамгыр жааганда аны сел жууп кетет. Ошого жолубузду мамлекет оңдоп берсе деп суранат элек", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Аксы районундагы оңдолбогон жол

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: