super.kg logo

Бүгүндөн тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдун дүмүрчөгү жибериле баштайт

 

Бүгүн, 4-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Кеңешмеде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов долбоор ишке киргенден тартып 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузган факты катталганын билдирди.

Саркулов белгилегендей, 4-марттан тартып "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежесин бузган жеке жана юридикалык жактарга салынчу айып пулдар теңештирилди. Ошондой эле айып пулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга 50 пайыз жеңилдик менен төлөө укугу каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Саркулов кошумчалагандай, унаа ээлеринин сунуштары талданып, Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча иштер жасалды. Ошондой эле кыймыл жыш кесилиштерде экинчи катардан бурулууга уруксат берген белгилер орнотулду, жол чырактардын кошумча бөлүктөрү коюлду жана башка иш-чаралар аткарылды.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы жолдордогу кырдаалды жакшыртуу боюнча бир кыйла чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. "Сиздерге эскерте кетсем, ыңгайлуу жол инфраструктурасын түзүү - бул мамлекеттин милдеттеринин бири. Биз коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарып жана шаарда ойлонулган жана жайлуу жол-транспорттук тутумду камсыздоого тийишпиз", - деди ал.

12-февралда "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген. Анын алкагында шаар көчөлөрүндөгү 10 кесилишке коюлган камералар 7 эреже бузууну каттап баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.03.2019. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эми башталат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: