super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар тармактык комитет жыйынына орун басарын жиберип койгон юстиция министрине нааразы болушту

 

Юстиция министри Марат ЖаманкуловБүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйыны өтүүдө.

Комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралмак.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов комитет жыйынына юстиция министри келбегенине нааразы болду. Ушундай эле нааразычылыгын депутат Жыргалбек Турускулов да билдирди.

"Жакында жол эрежелерин бузган жарандардын үйлөрүнө олчойгон айып пулдар бара баштайт. Бүгүнкү күндө коомду дүрбөлөңгө салган маселе жаңы кодекстер болуп жатат. Азыркы тапта мындан өткөн чоң маселе барбы? Эмне себептен комитет жыйынына юстиция министри келген жок?" - деди Шыкмаматов.

Юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиев: "Министр учурда маалымат жыйынында", - деди.

"Керек болсо маалымат жыйынын түшкө жылдырып, бул комитет жыйынына өзү келиши керек болчу. Урматтуу депутаттар, бул маселени күн тартибинен алып салуу керек", - деди Шыкмаматов.

Депутат Жыргалбек Турускулов: "Бир жума мурун бүгүн бул комитет жыйыны өтө турганы белгилүү болгон. Бирок бүгүнкү комитет жыйынына маалымат берип, суроолорго жооп бере турган юстиция министри да, экономика министри да келген жок. Маселени кароону башка күнгө жылдыралы", - деди.

Жалпы чечим менен бул маселени кароо күн тартибинен алынып, кийинки аптага жылдырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: