Жалал-Абад. Кадыржан Батыровдун "Курулуш материалдары комбинатын" тоноп жүргөн жаран кармалды
Кадыржан Батыровдун "Курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсынын чыгарган бентондор

Кадыржан Батыровдун "Курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсынын чыгарган бентондор

Аталган ишкананын сырткы көрүнүшү. Ууру кармалгандан бери бул мекеме катуу кайтарууга алынды

Аталган ишкананын сырткы көрүнүшү. Ууру кармалгандан бери бул мекеме катуу кайтарууга алынды

Каралбай калган ишкананын абалы ушундай. Жакында мекемени шаардык бийликтин балансына өткөрүү маселеси каралууда

Ишкана өндүргөн продукциялар

2010-жылдагы Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад шаарындагы "Курулуш материалдары комбинаты" ишканасынан курулуш каражаттарын уурдап сатып жүргөн жаран кармалды. Кылмышка айыпталуучу - Сузак районунун Дөмөр айылынын тургуну Равшанбек Турдакунов. Ал узундугу 5 метр болгон 6 даана курулушка керектелүүчү темирди уурдап сатып жаткан жеринен кармалган. Ал буга чейин да ишканадан бир нече курулуш каражаттарын сатып жиберген. Жалал-Абад ОИИБи билдиргендей, окуя боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Фото: Кенже Тынымбек кызы
Айта кетсек, айыпталып жаткан Турдакунов 2010-жылдан кийин аталган ишканага убактылуу жетекчилик кылып турган. Буга чейин кайтарылбаган мекеме учурда шаар бийлигинин көзөмөлүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0