super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитетинде Германия Кыргыз мамлекетине 40 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат берүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

 

Бүгүн, 5-мартта парламент комитетинде Германия Кыргыз мамлекетине гранттык каражат берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Келишимге ылайык, Германия өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40,1 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенүүдө, анын ичинде 21,1 миллион евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна бөлүнөт.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, гранттык каражаттын 8,5 миллион евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат. “Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарга куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү”, - дейт ал.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: