super.kg logo
  Саясат  

Асел Кодуранова: "КСДП талашка түштү"

 

Бүгүн, 5-мартта КСДП Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп кайтаруу үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Жыйында КСДПнын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова учурда партия талашка түшүп жатканын айтты.

"КСДПнын расмий съезди 6-апрелде болот. Өмүркуловдун билдирүүсү мыйзамсыз. Ал эми "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын артында эң негизгилери болуп Сагынбек Абдрахманов турат, ага Иса Өмүркулов кошулду. Алар мындай иштерди кылбашы керек болчу. Ушул партия аркылуу келип бийликке отурушту да, эми партияны талашып жатышат. Башка партиялар толтура, ошолорго деле кошулуп кетишсе болмок. Бул партиянын түзүлгөнүнө 20 жылдан ашты", - деди Кодуранова.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кечээ, 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан. Ага чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.

Былтыр, 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: