super.kg logo

17 жылдан бери ар кайсы валютадагы акчалардын банкнотун чогулткан Бексултан Жапаров: "Коллекциямды алуу үчүн 60 миң сом сунушташкан"

 

24 жаштагы Кызыл-Кыянын тургуну Бексултан Жапаров 17 жылдан бери ар кайсы валютадагы акчалардын банкнотторун чогултуп келет. Ар кайсы валютадагы 390дой банкнот топтогон Бексултанга көп жолу “акчаларыңды сат” деп сунушташкан. Бирок ал бирине да макул болбогонун айтат.

- Бексултан, көптөн бери банкнотторду коллекциялайт экенсиң. Акчага кызыгуу качан жаралган?

- Кичинекей кезимде сүннөт тоюмда туугандар көп акча беришкен. Ошол кезде жаңы 20 сомдук банкнот чыккан эле. Кытыраган акчаларды бүктөгүм келбей чогултуп отуруп уланып кетти. Кийин орустардын рублин, кошуна казак, тажик, өзбектердин банкнотторун чогулта баштадым. Андан бери 17 жыл өттү, ошол аралыкта 98 мамлекеттин 390 банкнотун топтодум.

- Ар кайсы өлкөнүн акчасын кайдан табасың?

- Менин хоббимди туугандар билишет. Андыктан чет өлкөгө кимиси чыкса ала келет. Ошондой эле интернет дүкөндөрүнөн сатып алам.

- Коллекцияңда эң кымбаты кайсы? Хоббиң кандай кызыктар менен коштолуп келет?

- Былтыр Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда сатылган пластикалык акчаны 550 сомго алгам. Ошол эң кымбаты болду. Ал эми өзүбүздүн 1993-жылы чыккан 20 сомдук банкнотту 300 сомго алгам.
Акча чогултуу “оору” болуп калат экен. Акча колума тийсе эч нерсе көзгө көрүнбөй банкнотторду алгым келе берет. Бир жолу Ошко жумуштар менен барып, бензинге, тамактанганга деген акчага сатып алдым. Кайра кайтканда бензин түгөнүп, куя салайын десем акчам жок, жүдөп жатып үйгө араң жеткем. Баарынан да кызыгы, бирөө менен урушуп кетсем же капаланып турганда акчаларымды тизип, карап отурсам бардык негативдер кетип калат.

- Сенин хоббиңди билген соң жакындарың деле жалаң акча белек кылышса керек?

- Андай да болот. 2017-жылы 23-февралда апам мага 5500 сомго ар кайсы мамлекеттин банкнотторун сатып берип, өзгөчө белек кылган.

- Коллекцияңды алгысы келип, акча сунуштагандар болобу?

- 3 жыл мурун бирөө 50 миң сом сунуштаган. 15 жылдык мээнетим кеткен деп берген эмесмин. Банкнотторумдун саны 300дөн ашкандан кийин дагы бир байке “60 миң сом берем, мага сат” деп келиптир. Мен акчаларымды эч нерсеге баалабайм, булар менин байлыктарым деп баш тарткам.

- Акчаны го чогултуп жатыптырсың. Келечекте аларды эмне кыласың?

- Мен ырдаганга кызыгам. Буюрса, музыкалык студия ачып, банкнотторду дубалга, шыпка чаптап, сыртынан айнек менен кооздоп коёюн деп жатам. Келечекте дүйнө жүзүндөгү эң өзгөчө студия меники болот.

- Маегиңе рахмат. Алдыга койгон максаттарыңа жет!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
05.03.2019. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Базар жок
05.03.2019. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Адам ушинтип бир нерсеге кызыкканы жакшы, сигарет чеккенден коро
05.03.2019. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм
05.03.2019. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат мен уста куралдары инструменттерге кызыгам.
05.03.2019. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менде да ар мамлекеттин эски тыйындары бар, 50-100жыл мурунку.
06.03.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда чогулткам,сатам ???
06.03.2019. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да чогултам! 39 мамлекеттин монеталары бар
06.03.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде да 10 сомдук 20 сомдук анан 1 сомдук банкноттор бар сатам)
06.03.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак каняк винолорду коллекциялагым келет бирок динде үйгө арак койбошу керек экен)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: