super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кожобек Рыспаев: "Коммерциялык сыр деп эле акча ала беришкени туурабы?"

 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.

"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди.

Эл өкүлү бюджеттен айлык алгандар тууралуу маалымат ачык болушу керек деген пикирде.

"Биз жыйында "Кыргыз алтын" ААКсынын төрагасынан канча айлык аларын сурадык, бирок ал айткан жок. "Кумтөр" компаниясынын директорлор кеңешинде бар. Ошол жерден 4 миң доллар айлык алам деди. Бул бир эле "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын айлыгы да. Андан тышкары "Кумтөр оперейтинг компаниде" эки кеңешчи бар. Алардын айлыгы тууралуу кийинки жыйында тастыктап алабыз. Андан тышкары, Centerra Gold компаниясындагы директорлор кеңешиндеги 3 Кыргыз өкүлүнүн айлыгы 10 миң доллардан кем эмес экен. Ар бир алтын кенинде директордун орун басарлары айлык алып турушат. Мамлекеттик ишкана болсо, мамлекеттин үлүшү болсо коммерциялык сыр болбошу керек. Сыр деп эле акча ала беришкени туурабы?" - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Айнуру Алтыбаева, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров жана Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: