super.kg logo

Астротөлгө: 6-мартта төрөлгөн адамдар сүйүүнү абдан баалашат

 

6-март күнү төрөлгөндөр артисттик жөндөмү бар, таланттуу келишет. Жаратылыш ачык-айрым мүнөздү белек кылган, ошондуктан алар адамдар менен оңой тил табышып кетишет.

Максатына жете билгендиктен жумуш жаатында кандай кыйынчылык болсо да алдыга карай умтулушат. Эмгекчил, амбициясы күчтүү болгондуктан ийгиликке жетүү үчүн бардык тоскоолдуктардан өтүүгө даяр. Ошондой эле сулуулукту, кооздукту баалашат, ар бир нерсенин кичинекей жеринен да сулуулукту таап чыга алышат. Булардын бир жаман жери - оюн бир жерге токтото албагандыгы. Жашоодо кызыккан нерсеси ар тараптуу болгондуктан оюн тез эле өзгөртүп салышат.

Ичинде арам ою жок, боорукер болушат. Сүйүүнү абдан баалагандыктан жанында жакын адамы жок болсо өзүн жалгыз, эч кимге кереги жоктой сезишет. Эгерде сүйүктүүсү менен болгон мамилеси начарлап кетсе, андан кол үзүү кыйынчылык туудурат. Ошол себептен булар сүйүүгө туруктуу келип, өнөктөшү менен колунан келишинче узак убакыт мамиле курууга аракет кылышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: