super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Жарандын эмгек акысы канча экенин талап кылган туура эмес"

 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.

"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Анын айтымында, бюджеттен айлык алгандардын баары ачыкка чыксын деген аша чапкандык.

“Жарандын эмгек акысы канча экени боюнча кимдин кандай иши бар? Бул жеке адамдын ишине кийлигишүү болуп эсептелет. Бюджеттен айлык алгандардын баары ачыкка чыксын деген аша чапкандык. Бюджеттен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керек дегенди колдобойм. Ал эми башка булактарын декларация тапшырганда жашырганы туура эмес”, - дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Аида Исмаилова, Айнура Алтыбаева, Айсулуу Мамашова, жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: