Кыргыз-казак парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү керектиги айтылды
Кечээ, 5-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Дастанбек Жумабеков Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын мамилесине өзгөчө маани берерин билдирип, өз ара ишенимге негизделген бардык багыт боюнча байланыштарды арттыруу зарылчылыгын кошумчалады.
Ошондой эле төрага эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштар бардык деңгээлде колдоого алынып жатканын белгиледи.
Андан тышкары эки элдин мамилесин бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташтык да өзгөчө орунду ээлээрин айткан Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрү дайыма коңшулук тыгыз алаканы арттырууга кызыкдар экенине токтолду. Муну менен катар Жогорку Кеңеш эки элдин жаркын келечеги үчүн парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасаарын билдирди.





