Таласта 10 гектар жерде өскөн кара куурай жок кылынды
24-июлда Талас облусунда ОИИБи кызматкерлери тарабынан “Кара куурай” аттуу рейд жүрүп, 10 гектар жерде өскөн жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-июлда маалымдады. Жалпы жок кылынган кара куурайдын салмагы 19 тонна 350 килограммды түзгөн. Талас районунда 3 тонна, Кара-Буура районунда 6 тонна жана Манас районунда 2,5 тонна кара куурай жок кылынган. Рейд 28-июлга чейин улантылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















