super.kg logo
  Спорт  

Кайдасың, Роналду? "Реал Мадрид" 9 жылдан бери алгачкы жолу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өтпөй калды

 

6-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алкагындагы жооптук беттештер старт алып, чейрек финалга чыккан алгачкы 2 команда аныкталды. Жарым финалга чыгуу укугу үчүн германиялык "Боруссия Дортмунд" клубу менен англиялык "Тоттенхэм" командасы жана испаниялык "Реал Мадрид" клубу менен голландиялык "Аякс" командасы беттешти.

"Реал Мадрид" - "Аякс"

"Реал Мадрид" - "Аякс" беттеши Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда орун алды. Акыркы 3 жыл катары менен Чемпиондор Лигасын жеңип алган мадриддик клуб өз талаасында ачык фаворит катары беттешке чыкты. Буга кошумча "Аякс" клубу акыркы 16 жылдан бери аталган мелдештин чейрек финалына чыга элек болчу.

Талаа ээлери алгачкы мүнөттөрдөн тартып активдүүлүгүн көрсөтүп, оюндун 4-мүнөтүндө кооптуу абал жарата алышты. Оң капталдан Лукас Васкестин чыгарып берген тобун коргоочу Рафаэль Варан башы менен дарбазага багыттап, бирок конокторду голдон дарбаза мамысы сактап калды. Мындай чабуулга "Аякс" командасы дароо таамай жооп кылып, 7-мүнөттө жарым коргоочу Хаким Зиеш атаандаштын кетирген катасынан пайдалануу менен эсеп санын ачты. Андан ары "Реал" чабуулдарды уюштуруп, топту карамагына алууга аракет кылганы менен, 18-мүнөттө Давид Нерес "Аякска" дагы бир гол алып келди. 29-мүнөттө Лукас Васкес, 35-мүнөттө Винисиус Жуниор жаракатынан улам оюндан четтеп, ордуна Гарет Бэйл менен Марко Асенсио кирди. Оюндун биринчи бөлүгүндөгү негизги учурлар ушуну менен жыйынтыкталды.

Беттештин 2-бөлүгү мадриддик команданын анча чоң эмес үстөмдүгү менен өттү. Талаа ээлери топко көбүрөөк ээ болуп, көбүрөөк чабуулдарды уюштуруп жатты. Бирок түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, дарбазага топту таамай багыттай алган оюнчу "Реалдын" катарында болгон жок. 62-мүнөттө Душан Тадич дагы бир гол жаратып, оюн эсебин ири эсепке жеткирди. Буга 70-мүнөттө Марко Асенсио жооп кылып 1 гол жаратканы менен, 2 мүнөт өткөндөн кийин коноктор эсепти 1:4кө айлантып, оюнга чекит койду. Жыйынтыгында жалпы 5:3 эсеби менен жеңишке жетишкен "Аякс" клубу "Реал Мадридди" мелдештен четтетти.

"Реал Мадрид" - "Аякс" 1:4
Голдор: 7-мүнөттө Хаким Зиеш, 18-мүнөттө Давид Нерес, 62-мүнөттө Душан Тадич, 72-мүнөттө Марко Асенсио, 72-мүнөттө Лассе Шёне.

"Боруссия Дортмунд" - "Тоттенхэм"

"Боруссия Дортмунд" - "Тоттенхэм" беттешинин тагдыры алгачкы оюнда эле чечилип калган. "Уэмбли" стадионунда өткөн беттеште "Тоттенхэм" 0:3 эсебинде жеңишке жетишти. Мындай жеңилүүдөн кийин "Дортмунддун" берилген күйөрмандары гана германиялык клубдун кийинки баскычына өтөрүнө ишенсе, көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү "Тоттенхэмдин" чейрек финалга өтөрүнө моюн сунуп калышкан.

Көпчүлүк футбол эксперттери "Сигнал Идуна Парк" стадионунда өткөн беттеште "Боруссия" минималдык айырма менен жеңишке жеткени менен, кийинки этапка англиялык клуб өтөрүн болжолдошкон. Бирок жооптук беттеште да талаа ээлери утулуп калышты. "Боруссия" оюндун башынан аягына чейин активдүү оюн көрсөтсө да дарбазачы Уго Льорис баштаган коноктордун мыкты коргонуусун жиреп өтө алган жок. Оюндагы жападан жалгыз голду 48-мүнөттө чабуулчу Харри Кейн жаратты. Ал коргоочулардын борбордук бөлүктөгү катачылыгынан пайдаланган Мусса Сиссоконун чыгарып берген пасын таамай дарбазага багыттады. Беттеш дал ушул эсеп менен жыйынтыкталып, жалпы 0:4 эсеби менен жеңишке жеткен англиялык клуб чейрек финалга жолдомо алды.

"Боруссия Дортмунд" - "Тоттенхэм" 0:1
Голдор: 48-мүнөттө Харри Кейн






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
06.03.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аякс татыктуу оюнду корсотту
06.03.2019. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nemo2016,татыктууну айтасында реалдан кучтуу экенин коргозду
06.03.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реалдын деңгээли өтө эле төмөн түшүп кетти. Буйруса Барселона чемпиондукту алат.
06.03.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Роналду жок болсо, Реалды Бензема менен Бейл алдыга сүйрөп чыгат деп ойлодум эле, тилекке каршы андай болгон жок. Дарак бир жерден көгөрөт дейт, Мессидей туруктуу болуш керек
06.03.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Хала Мадрид кана Мадрид ?
06.03.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал дегендер Кайда журосунор накаут болду Реал ха-ха
06.03.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реалга быйыл нан жок.Кубоктон учту,Лига Чемпиондон учту,Ла лигада Барсадан 12очко аркада.Роналдуну Ювентус менен кошуп Атлетико талкалайт коросунор!
06.03.2019. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы 5 жылда 4 лига чемпиондукту алды,эми жок дегенде бир жыл дем алсын да. Хала Мадрид. Барселонаны Рома учурганго дал ошондой болду. Мындай нерселер да болуп турат бул спорт.
06.03.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanybek121195,Реал эки жолу судьянын жардамы менен чемпион болду финалда рамоско Кызыл карточка бериш керек эле баварияны болсо эки жыл катары менен судья жардамы менен отту реал
06.03.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
murat17, Реал судьянын жардамысыз эле жеңип келген жеңе да берет
06.03.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bale1111,айтчы жигит судьялардын жардамысыз реал бавариядан проход болгонун дайыма утулган баварияга дайыма Бавария проход болгон ачыгын айтайын 2014 Гана 0-4 го уткан баварияны ошондо Гана реальный уткан андан кийинки жылдары только судьялар жардам берди 2017 жылы Бавария 10 киши болуп реалды 1-2 женген
06.03.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Реалдын аксаганы силерге шанс...великий клуб аксаганда ушундай талкуу көп болот...
06.03.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чемпион дайыма чемпион эмес да.
06.03.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 жыл катары мн алуу реалдын гана колунан келет...кээ бирлер үчүн 1 кубок алуу арзууго...
06.03.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Реал Мадрид 13 жолу чемпион болду жана дагы бир дагы команда Реал багынткан жеништерди багынта элек топ тоголок бирде жеңет бирде жеңилет
Барселона Ювентустан кандай жеңилген Реал аны канчага жеңди эле убагында ромадан Барселонанын жеңилгенин айтпай эле коёюн
06.03.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bale1111, 13-ЛЧ кубогун судьялар эле утуп беришкен)).
06.03.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ит болду судияирд)).
06.03.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurbelek.,шанс келди чуркагыла.мындай шанс болбой калышы мүмкүн эми))))
06.03.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
лига чемпионовду уткан командалар
реал 13
милан 7
бавария 5
ливерпуль 5
барселона 5
аякс 4
реалга башка командалар жетишиге коп жыл керек анан аяксдагы жон команда эмес 4 жолу ЛЧду уткан
06.03.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал бир жумада уйундо 3 кубок учун куч сынашып 3 унон тен куру калды...
06.03.2019. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал Мадрид лч четтеп калды Барселоналыктар бир келген мүмкүнчүлүктү пайдаланып жеңишке жетсе жакшы
06.03.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Барсанын обу жок фанаттары жайнайт го.Кыргызстан Азия кубогу нан ыза тартканда бироон бир комментарий жазганга жарабадынар го.силерге барса эле керек
07.03.2019. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
07.03.2019. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: