super.kg logo
  Саясат  

"Акимдер чирип кеткен картошкалар тууралуу маалымат бере элек" дейт биринчи вице-премьер

 

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов картошкалар чирип, баасы түшүп кеткенин эскертти.

"Өкмөт жазгы талаа иштерине карата даярдыктар өз нугунда жүрүп жатканын билдирип жатат. Күз келгенде дыйкандар өндүргөн продукцияларды сатууда чоң көйгөйлөр жаралууда. Картошка боюнча дагы эле маселе чечиле элек. Картошкалар чирип, баасы 4-5 сомго түшүп кетти. Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз дедиңер эле. Кыйналган дыйкандарга өкмөт тарабынан кандай жардам болот? Алардын арасында насыя алгандар бар да", - дейт Турускулов.

Кубатбек Боронов: "Бүгүнкү күндө картошканын баасы 5,5 сомдон төмөн түшкөн жок. Ысык-Көл, Кочкордо 5,5-7 сом болсо, түштүктө 10-12 сом болууда. Картошкалар чирип, сата албай жатабыз деп айтышууда, бирок канча картошка чиригени боюнча акимдерден маалымат ала албай жатабыз. Азербайжандан да алуучулар келип жатат. Өзбекстанда ассоциация менен келишим түзүлгөн, Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүнө киргизген чектөөсүнө байланыштуу маселе алдыдагы апталарда чечилип калат", - дейт.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктар тууралуу маалымат берип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: