super.kg logo

Депутат Кара-Суу районундагы эшек фермасы экологияга терс таасирин тийгизип жатканын айтты

 

Депутат Тынчтык Шайназаров Кара-Суу районуна караштуу Мады айылындагы эшек фермасы экологияга терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мады айылы өлкөдөгү ыйык жерлердин бири болуп саналат. Экология, тамак-аш коопсуздугуна, жыш жайгашкан калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Ачык жерге ташталган эшектин өлүктөрү жана тоо болуп үйүлгөн кыктардан чыккан сасык жыттар, ага чогулган түрдүү жугуштуу ооруларды пайда кылуучу чымындар төрөткана, оорукана, бала бакча, базарларды каптап, элдин тынчын кетирүүдө. Кыргыздын жети атасы эч качан эшек менен байыган эмес. Буга чейин ушул маселени көтөрүп, 3 миңдей эшек багылган ферманы жабуу керектигин айткам. Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ферманы жабабыз деп сөз берген. Бирок ферманы жабуунун ордуна Оштун жанында жайгашкан башка эшек ферманы алып келип кошуп койду. Мады айылынын тургундары өкмөткө нааразы", - дейт депутат.

Аталган инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов: "Эшек идентификациялык каттоодо жылкылар тукумуна кирет. Ферма бирөөнүн менчиги болгондуктан жана жасаган иштери эл аралык нормаларга туура келгендиктен тыюу сала албайбыз. Сиздин сурооңуз боюнча комиссия түзүп, Мады айылына барып карадык. Башында кемчиликтери бар болчу, кийин ветеринардык жана санитардык талапка ылайык жасап коюптур. Ал жакта Кыргыз мамлекетинин жана Кытайдын ишкерлери иштейт экен. Туура эмес иш кыла турган болсок, алар да мыйзамга таянып тийиштүү жактарга кайрыла алат", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
06.03.2019. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айтайын десем соз турат бирок админ урушат.
06.03.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар эшек эмес денесин сатып калды го...бул жакшы эле иш го дейм,мага деле айткыла каяка кандай сатат,мен деле бакмакмын.
06.03.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар Аксыда, Тогуз-Тородо чочко багып жатышат ошону айтсанар. Эшекти тоодогу кыргыздын баары эле кармашат.
Jelezo түзөттү 2019-03-06 17:17:18
06.03.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек жонотсонор ушул жерден табасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: