"Жасаса да, жасабаса да жакпайт". Балыкчыдагы "жасалма газон" талкууга түштү, буга мэриянын жообу





Интернет колдонуучу Мирбек Асаналиев социалдык тармактарда Балыкчы шаарындагы унаа жолунун жасалышы тууралуу сөз козгоп, сүрөттөрүн жүктөгөн. Анда ал: "Балыкчы шаары өнүгүү жолунда дейт бирөө. Ушинтип өнүкпөй эле койдум. Желим немени алып келип чапташканбы же майда ташты төгүп, боёшконбу, айтор сөз жок. Табигый чөп өсөбү эми деген жан жок? Балыкчыга чөп өспөйбү?" - деген билдирүүсүн жазып бюджеттен очойгон акчалар алынып жатат, бирок жумуш болсо бул деп кошумчалаган.
Анын бул посту коомчулуктун түрдүү пикирин жаратты. Көпчүлүгү Балыкчыдагы аба ырайына байланыштуу тегиз чөптү кооз өстүрүү оңой эместигин, бул туура чечим болгон деген ойлорун жазышкан. Арасында "Көп өлкөлөр табигый нерселерге ыктап жатканда жасалма кооздуктун эмне кереги бар?" - деген оюн айткандар да бар.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Балыкчы шаардык мэриясына кайрылып жооп алды. Мэриянын маалыматына ылайык, Балыкчы шаарынан Чолпон-Атага бара жаткан жолдун эки капталынын жаан-чачындуу күндөрдө жешилип кетишинен сактоо үчүн ушундай ыкма жасалган.
"Шаардан чыга бериш жердеги жолдун 2 капталына геотосмолор орнотулуп, путепровод коюлган. Мунун баары жолдогу ыңгайлуулукту, коопсуздукту түзүү үчүн жасалды. Учурда да жумуш уланууда. Буга чейин капталдан ылай, таштар кулап жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратчу.
Ошол эле учурда жолду кооздоо маселеси каралып ошол жерге төгүлгөн шагыл, таштарды боёп кооздук берүү идеясы ишке ашырылууда. Комментарийлерде жазылгандай, Балыкчы шаарынын аба ырайы көбүнө маалым, жыш чөптүн өсүшү, анын үстүнө жолго өсүшү кыйын. Бул жерге суу жетпейт, чыкпайт мындан улам ал жерди көк майсан кылуу мүмкүн эмес", - деди шаардык мэриянын маалымат катчысы.
Иштин жүрүшүнө канча каражат каралгандыгы боюнча жооп берген жок.






мурункуга салыштырмалуу
Атыптыр.ото сонун корунот экен.
Балыкчыга озу табигый чоп остурсо
Акча коп кетет.суйунсонор.адамга озу эч нерсе жакпайтта