Талас. Кара-Буура районунда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн лагерь иштей баштады
Таластын Кара-Буура районунда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы лагерь ачылды. 25-июлда райондун акиминин орун басары Салкын Карбозова билдиргендей, бул лагерь мурда иштебей турган мейманкана болчу. “Быйыл 60 бала эс алат. Демөөрчүлөр, райондогу мекеме, уюмдардын жетекчилери колдоо көрсөтүп, керектүү эмеректер алынды. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы демилге көтөрүп, шахмат ойноочу жана эс алуучу чоң чатыр тигип беришти”,- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

