Тандырга нан жаап интернет жылдызына айланган Зияда Халидова: “Видеонун тарап кеткенин көрүп уялдым”



Интернет айдыңында апасы жокто отургучка чыгып алып тандырга нан жапкан кыздын видеосу тараган. Аз убакыттын ичинде интернет жылдызына айланган Зияда Халидованы таап, байланыштык. Телефон чаларым менен “Ассалому алейкум” деген сөздү угуп, кичинекей бала окшойт дептирмин. Көрсө, Зияданын өзү экен.
- Кандайсың, Зияда? Кайсы жакта турасың? Канчанчы класста окуйсуң?
- Мен Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашайм. Үйдө 5 бир тууганбыз, 2 агам, 2 иним бар. Учурда 5- “в” класста окуйм, жакында 12 жашка чыгам.
- Жакшы экен. Интернетке тараган видеоңду көрдүңбү? Тандырга көптөн бери нан жаап жүрөсүңбү?
- Ооба, видеону көрүп аябай уялдым. Чынында, ошондо биринчи жолу тандырган нан жапкам. Нандарды жаңы жармаштырып баштаганда кошунабыз келип телефонуна тартып алган болчу. Интернетке ошол эже чыгарса керек. Ага чейин апамдын нан бышырганына кызыгып, байкап жүрчүмүн. Апам батага кеткенде жасап көрөйүнчү деп, халатын кийип алып нан жаптым. Батадан келгенде апам нанымды көрүп аябай таң калды, мактады.
- Анан нандарың көңүлүңдөгүдөй болдубу?
- Жакшы эле болду.12 даана болчу, анын экөө түшүп, бирөөсү бышпай калды. Нанды биринчи жапкандыктан бети менен түбүн алмаштырып, сейдана шыбаган бетин тандырга жабыштырып, тескери бышырып алыпмын. Ошондуктан баарынын сейданасы артында болуп калды.
- Нандан башка да тамак жасайсыңбы?
- Ооба, апам бир жакка кеткенде агам менен инилериме картошка кууруп берем, ширин күрүч, макарон, аш жасайм. Жакында пирог жасаганды үйрөндүм. Апам үйдө жок болуп калса бир туугандарыма пирог бышырып берем.
- Келечекте ким болгуң келет?
- Келечекте элиме кызмат кылгым келет.
- Кантип кызмат кылайын деп жатасың?
- Армияга баргым келет. 11-классты бүткөндөн кийин институтка тапшырып, аны аяктагандан кийин армияга барам. Анан да үйдөгүлөр “доктур бол” деп жатышат. Армияга баргандан кийин доктур болом го...
- Рахмат маегиңе, Зияда. Тилегиңе жет!
Тандырга нан жапкан секелек кыз


Жаш болсода тиричиликке тың кыз экен, бактылуу кыздардан болуп, колу дарт көрбөсүн.