super.kg logo

Депутат быйыл эки эт комбинатын курууну сунуштады

 

Депутат Акылбек Жапаров быйыл эки эт комбинатын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатуу жана сактоо маселесин өздөрүнө калтырып жатабыз. Өкмөт айыл чарба продукцияларын сатууну жана сактоону качан өз моюнуна алат? Быйыл этти Орусияга чыгаруу маселеси чечилгени менен, өлкөдө эт комбинаты жок. Ошондуктан быйыл жок дегенде эки эт комбинатын куруу керек", - дейт Жапаров.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: