super.kg logo

КТРКнын директорлугуна Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ага Байкоочу кеңештин 13 мүчөсү добуш берди

 

КТРКнын директорлугуна Жайнак Үсөн уулу тандалды. Бүгүн, 6-мартта Байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерди тандоо жыйынында жашыруун добуш берүү өткөрдү.

Анын жыйынтыгында Жайнак Үсөн уулу Байкоочу кеңештин 13 мүчөсүнүн добушуна ээ болду. Болотбек Тиллебаевге 1 добуш, Галина Байтерековага 1 добуш берилген. Байкоочу Кеңештеги жалпы 15 адам добуш берүүгө катышты.

КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет.

Буга чейин талапкерлердин бири Мирлан Самыйкожо талапкерлигин алып салып, Байкоочу кеңешти акыйкат чечим кабыл алууга чакырган.

1-мартта Байкоочу кеңеш 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөргөн.

КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышкан. 28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тартып, арызын кайтарып алса, дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин тизмеден чыгарылган.

Жайнак Үсөн уулу 44 жашта. Буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген. Андан мурун "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын башчысы болгон. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен жана Москвадагы эл аралык бизнес институнун стратегиялык башкаруу бөлүмүнөн билим алган.

Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
06.03.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким бул, ким эле
06.03.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдан келген кыраан жана эмнени кыйратып салат экен
06.03.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бийликтин чабарманы экенда ким болсо дагы
06.03.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адил Турдукулов татыктуу эле
06.03.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрү бир добуштан колдоп жатышты. Мындан ары Жайнак Үсөн уулу эми КТКРны ар тараптуу маалымат менен өнүктүрөт деген ойдомун. Кантсе да НТС алдынкы каналдардын бири эмеспи.
06.03.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин өлкөдө татыктууну эч качан шайлабайт
06.03.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Илимди неге кетиришти
06.03.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Илим дагы иштесе болмок. КТРКны гүлдөтүп келе жатты эле. Илим татыктуу иштеди. Келечекте президент болчу жигит
06.03.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Samat777,менин колумдан келе турган иш болгондо Илимди айыл өкмөткө дагы койбойт болчумун
06.03.2019. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Иии кудай.кыйратат эми
06.03.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен да муну тааныбайт экенмин
06.03.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Банкир...бут эле Финкада иштеген экен. Акчага сатылган байкоочу кенеш журналистти апкелбей кайдагы процент менен иш кылган финкачылды апкелди. Мындан башка адам жок болсо олгон экенбиз анда
06.03.2019. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада Кыргызстандан келген аял жаны торолгон кызын 1млн рубльга сатам деп кармалыптыр дейт,тактап жазып койгулачы Супер сураныч...
07.03.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Причем тут Москван..КТРканын тагдыры чечилип жатканда .
07.03.2019. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,КТРКны урганым барбы,саясатташкан телевидениенди.Бул жакта кыргыз тууган камалып атса...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: