super.kg logo

Мэрия "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылындагы кыз-келиндерге 8-Мартта жүрүшкө чыгууга тыюу салды

 

Буга чейин "Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамында Бишкекте тынчтык жүрүшкө чыга турганын билдиришкен. Бүгүн, 6-март күнү акциянын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жүрүшкө чыгууга тыюу салганын билдирген кат жибергенин кабарлашты.

Мэрия өз катында тынчтык жүрүшкө тыюу салганын, бул күнү борбордук аянтта көп сандаган адамдардын катышуусунда майрамдык иш-чаралар орун ала турганын жана жүрүшкө катышпаган адамдардын ал тынчсыздануусун жарата турганы менен түшүндүргөн.

Бирок кыймылдын мүчөлөрү жүрүшкө чыгууга тыюу салган соттун чечими азырынча берилбегендиктен жүрүшкө чыгуу максатынан кайтпай турганын белгилешүүдө.

Аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган мындай иш-чара Бишкекте 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Алар жүрүштү "Россия" кинотеатрынын жанынан баштап, борбордук аянтты кыдырып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
06.03.2019. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жалган динге аша чаап берилип исламдашып, арабташып бараткан кээ бир кыргыздын ээрчиме жаштарын караш керек. Аялдардын укуктарын мамлекет камсыздоо керек. Ал учун ММКлар аркылуу элдин коз карашын озгортуу зарыл. Азыр ар кайсы ислам диний агымдары мечиттерде аялдардын укук эркендиктерине доо кетире турган идеялогияларды жаштардын ан сезимине синирип жатышат. Ал учун диний фанаттардын санын кобойтуп, кийин аларды оз максатына колдуу учун пайдаланышат.
J1irg түзөттү 2019-03-06 18:31:55
06.03.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ислам диндин аялдарга болгон катаал мамилесин бугунку исламдашкан олколор аркылуу коруп жатабыз. Бугунку кундо молдолор динге шылтап аялдарга болгон диний чектоолордуу орнотсок деген кыялдары бар. Динге берилуу, арабташуу, хиджабташуу сыяктуу корунуштор аялдардын эркин жашоосуна сокку урат. Ошондуктан дин - бул жон гана адамдардын ички дуйносун эксплуатациялоо учун гана пайдаланып жатышат.
06.03.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
J1irg,ар бир адам каалаган динди карманууга укуктуу баардык адамдын тандоосун сыйлашыбыз керек сен атеист болсон башкаларга соз тийгизбей жашай бер сен азыр эркин эмес жашап жатасынбы демократия деген Америкадан дагы эркин ээн баш олкодо жашап жатабыз исламдан аялдардын укугун кетире турган идеологияны эч укпапмын атеисттер кайдан таап алат билбейм эч бир дин же демократия исламдагыдай аялдардын баркын которбойт
06.03.2019. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка куну чыга беришсин. Майрамда бутка чалынбай. Муну да европа же америка каржылап жаткандыр... Жон чыкпай калды го.
06.03.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкеке чыксан кимиси кыз кимиси келин экенин билбейсин жоолугу жок чачтары жайылган бутунда чапташкан шым,жайында
тоштору ачылган каалаганы машина айдайт анан каяктагы катаал режим каяктагы укук бузулуу хиджаб кийбесенер дагы бироону аялы экенин билинип жоолук салынып албайбы укук эле дейт президент аял 120 депутат министрлер бут аял болсунбу кайда баратабыз
06.03.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журушко чыкты анан эми ошондон
Бир нерсе чыгабы
07.03.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
trabzon11, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган.
11.03.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
trabzon11, этика нормаларын сактаңыз. БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 15:26:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: