Ысык-Көлдөгү православдардын мүрзөсүн талкалоого 25 жаштагы тургун шектелүүдө
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы православдардын мүрзөсүн талкалоого 25 жаштагы адам шектелүүдө. Маалыматты SUPER.KG'ге 6-мартта облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады. Анын айтымында, шектүү адам - аталган эле айылдын Ш.Ф. аттуу тургуну.
Усубакунов учурда шектүү адамдын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыштардын жана жоруктардын 131-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин белгисиз адамдар Ананьево айылындагы проваславдардын мүрзөсүнүн тосмолорун, көрүстөндөгү эстеликтерди, белгилерди сындырып, гүлдөрдү туш тарапка чачып кетишкен. Жергиликтүү тургундар көрүстөндүн талкаланганын 11-январь күнү кечинде байкашкан. Милициянын ошол учурда берген маалыматына караганда, окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, жалпы 35 жыгач эстелик жана 2 мрамор эстелик талкаланганы аныкталган.









1 |