super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "Коомдук курултайлар көп учурда бийликке басым кылуучу курал катары колдонулууда"

 
Өткөн аптада Бишкекте “Ай тамга Солто” деп аталган коомдун курултайы өттү. Ал иш-чарага "Солто" аттуу коомдун өкүлдөрү да барып, эки коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда уруу-урууга бөлүнүү тууралуу кеп козголуп, пикир-келишпестиктер жаралды. Жалпысынан 800дөй адам барган курултайга саясатчылар да аралашып, бир катар депутат, чиновниктер, экс-премьерлер катышканы маалымдалды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бишкекте экс-премьерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий-коомдук ишмерлерди бириктирген "Ай тамга солто" коомунун курултайы өттү. Бул көрүнүш Кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далилиби?" деген собол салды.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин айтуусунда, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдары так жазылганда мындай иштер саясий деңгээлде эмес, маданияттуулуктун чегинде өткөрүлмөк.
“Ай тамга солто” коомунун курултайынын өткөнү кыргыз саясаты дале уруулук-кландык негизде жүргүзүлүп жатканынын далили десек болот. Мындай нерселердин чыгуусуна мыйзамдардагы пункттардын так жазылбаганы себеп болууда. Президент, Жогорку Кеңеш, саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдардын чийки экенин билгизип жатат. Негизи парламенттик өлкөдө партиянын лидери болуп Жогорку Кеңештеги депутаттардын арасынан бирөө болот. Бирок Кыргыз мамлекетинде партия фирма сыяктуу болуп жатат. Анын юридикалык ээси парламентке тиешеси жок эле адам болууда. Жогорудагы курултайлар көп учурда бийликке басым кылуучу катары колдонулууда”, - деди Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, активист Улан Үсөйүндүн пикирлери бул топтомдо.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: