super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын облусуна жылына бюджеттен 700 миллион сом бөлүнөт

 
Мыйзамга кирген жаңы толуктоо боюнча өлкөнүн бюджетине бир катар кирешелер кирет. Бул тууралуу кечээ Темир Сариев Нарынга жасаган иш сапары учурунда маалымдады. Тактап айтсак, Салык кодексине “Мындан кийин бардык компания лицензия үчүн салык төлөшөт. Ал салыктар компаниянын ишмердүүлүгү кайсы жерде жүргүзүлсө, ошол жердин жергиликтүү бюджетине кошулат” деген толуктоо киргизилген. Жаңы мыйзамдын негизинде “Кумтөрдүн” тапкан кирешесинин 20 пайызы жергиликтүү бюджетке төлөнүп берилет. Анын 10 пайызы Ысык-Көл облусуна бөлүнсө, 10 пайызы Нарын облусуна компенсация катары төлөнөт. Облуска жылына мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сом бөлүнөт. Ал эми жылына төлөнүүчү компенсацияны эсептегенде 500 миллион сомго чейин жетет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: