super.kg logo
  Саясат  

Ката жазылган катка байланыштуу Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси кызматынан бошотулду

 

Ката жазылган катка байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты 6-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болгондуктан жумуштан бошотулду. Учурда ката жазылган кат боюнча иликтөө иштери уланып жатканы кабарланды.

Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык түйүндөрдө тарап кеткен кат боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктап, расмий түшүндүрмө берген.

"Тилекке каршы, аталган документте чындыгында одоно каталар орун алган. Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле (так өзүндөй кылып кол жазманын сүрөтүн түшүрүү) жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы", - деп түшүндүрүшкөн аппараттан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: