Жалал-Абад. Суюк баңгизат менен Ноокен районунун тургуну кармалды
23-июлда Ноокен РИИБинин кызматкерлери суюк, күчтүү таасир этүүчү баңгизат менен Ноокен районунун тургунун кармашты. Момбеков айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Мурзакматов Алымбек менчик автоунаасына 14 даана 20 литрлик идишке аталган каражатты жүктөп бара жаткан жеринен колго түшкөн. Жалал-Абад ОИИБи билдиргендей, кылмышка шектүү жаран баңгизатты Өзбекстандын Андижан облусунан аткезчилик жол менен алып чыккан жана Жалал-Абад шаарында кардарына сатмакчы болгон. Баңгизат боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















