super.kg logo

Тележурналист сүйүктүү чач жасалгасы менен эфирге чыгуу үчүн 10 жыл күрөшүп, жеңишке жетти

 

Америкалык тележурналист Эйжей Уокер (AJ Walker) биринчи жолу көгүлтүр экранда өзүнүн эли үчүн салттуу болгон африкалыктардын чач өрүмү менен чыкты. "New York Post" басылмасы жазгандай, алпаруучу мындай көрүнүш үчүн дээрлик 10 жылдай күрөшкөн. Репортёр буга чейин ар түрдүү жумуш берүүчү телеканалдарга кайрылып, олуттуу чач жасалгасын күнүмдүк өзүнө ыңгайлуусуна алмаштырууну өтүнүп жүрүп, бирок андан майнап чыкпай келген.

Акыркы чечимди Уокер апасынын өлүмүнөн кийин кабыл алган. Өзү каалаган чач жасалгасы менен эфирге чыккан журналист мындай аракетин апасынын сөөгүн сыйлоо катары баалаган. CBS каналы алып баруучунун бул каалоосун сыйлап, африкалыктардын салттуу чач өрүмү менен телеге чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген.

Журналисттин айтымында, анын чач жасалгасы өзүнө ишенимдүүлүктү тартуулайт. "Менин маданиятымдын бир бөлүгү катары эсептелген бул чач жасалга менен жүрүү жана аны жасоо мага апамдан өткөн. Бул менин өзүмдү баалоомо түрткү, ишеним берет", - дейт журналист.

CBS каналынын репортёру тартипти катуу сактап дайыма олуттуу чач жасалга менен жүрүп өзүн кысылып кеткендей сезип келгенин айтат. Мындай тартип дүйнөдөгү көптөгөн журналисттерди чектеп келерин белгилейт ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: