super.kg logo

Парламентте мектептерге болгон ар кандай текшерүүлөрдүн санын азайтуу маселеси көтөрүлдү

 

"Мектептерге болгон ар кандай текшерүүлөрдүн санын азайтып, мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүп берүү керек". Мындай пикирин бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Нодирбек Каримов билдирди.

Каримов бул маселе боюнча аймактардагы мугалимдерден кайрылуулар келип жатканын айтты.

"Мектепте балдарды окутууга болгон талаптын начардыгы, окуу китептеринин жетишсиздигин баарыбыз билебиз. Мындай көйгөй мугалимдердин айлык акысынын азыдыгынан келип чыгууда. Алар каражат табуу үчүн башка иштер менен да алек болуп жатат. Өкмөт тарабынан мугалимдерге карата иштелип чыккан атайын программалар бар, жеңилдетилген үй берүү, алардын айлык маянасын көтөрүү сыяктуу. Бирок аймактарда бул программалар иштебей эле. Мугалимдердин басымдуу бөлүгү аялдар. Алар айлыгы аз болсо да балдарыбызга билим берүүдө.

Ал эми мугалимдерге болгон ар кандай текшерүүлөр алардын эртеңки күнү иш таштоосуна алып келүүдө. "Алган акчабыз бул болсо текшерүүчүлөргө эле кетип калууда" дешүүдө. Өкмөт тарабынан текшерүүлөргө чек коюш керек. Учурда мектептер мурдагы колхоз, совхоздордун текшерүүчү жайына айланып калгандай. Анткени мектептерди Каржы полициясынан баштап майда-чүйдө органдар да текшерүүгө алып калыптыр. Билим берүүнүн деңгээли жогоруласын десек, анда мугалимдерди колдоп, жардам берүү жолдоруна өтүшүбүз керек", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: