super.kg logo

КУУ: "Окуу жайдын дааратканасында кулап жаткан балдар биздин студенттер эмес"

 

6-мартта интернетке 4 адамдын ажаткананын ичинде жатканы тартылган видео тараган. Интернет колдонуучулары окуя Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин ажатканасында болгонун, алар спайс чегип алганын жазышкан болчу.

Бүгүн, 7-мартта Кыргыз улуттук университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Ардак Каныбек уулу SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди. Анын айтымында, дааратканада кулап жаткан балдар аталган окуу жайдын студенттери эмес.

"Видеодогу окуя 8-февраль күнү болгон экен. Бирок ал балдар биздин окуу жайга тиешеси жок деп 100 пайыз ишенимдүү айта алабыз. Видеодо деле дааратканага кирип барган мугалимдер "бул биздин балдар эмес" деп айтып жатканы буга далил болуп бере алат. Ошол учурда эле окуу жайга "Тез жардам" кызматы жана милиция чакыртылып териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын биздин окуу жайга тиешеси жок экени такталгандан кийин эч кандай маалымат тараткан эмеспиз. Кечээ видеосу чыгып кеткенден улам бүгүн эртең менен ректор өзү тийиштүү адамдардын катышуусунда чогулуш кылып, окуянын чоо-жайын аныктап чыгуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди. Окуу жай коомдук жай болгондуктан кимдир бирөөнүн ал жакка кирүүсүнө тыюу салынбайт. Ошондуктан алар сырттан келген адамдар болушу мүмкүн", - деди Каныбек уулу.

Бишкек шаардык милициясы да окуяга байланыштуу бүгүн маалымат таратып, ошол учурда балдардын организминен баңгизаты жана алкоголь табылбаганын билдирди. Ал эми өздөрү адамды алсыздандыра турган таблеткаларды ичкенин айтып беришкен.






Интернетке спайс чегип алышкан делген студент балдардын видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
06.03.2019. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообо Кудай сактасын!
Медиа-портал
07.03.2019. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биро жарым ээсин оодарып койгон эмеспи
07.03.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уруу олгучо карганат дечи беле тобо, ооба сыртан келгендер учучу кучтор....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: