super.kg logo

8-Мартка карата Balance.kg`ден өзгөчө куттуктоо (видео)

 

Аялдардын эл аралык майрамынын алдында Balance.kg (Beeline) тиркемесин түзүүчүлөр командасы айымдарды 8-Марты менен куттуктоо максатында мобилдик капчык аркылуу алардын коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрүн төлөп беришти.

"Акыркы 50-70 жыл аралыгында адамдар коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн почтага барып, убакыт, күч-кубатын коротуп келишкен. Бирок бул нерселерди үйдө отуруп эле оңой ишке ашыра турган жолдор бар. Мыкты жолдордун бири - бул Balance.kg тиркемеси. Ал дүмүрчөктөгү штрих-кодду окуп, коммуналдык кызматтарды төлөп, эсептегичтеги көрсөтмө тууралуу маалымат бере алат.

Бул акция менен биз айымдарды эл аралык майрамы менен куттуктагыбыз келди. Куттуктоонун да элге жайылган түрү болот эмеспи. Биз адамдарга жардам берүү менен бирге кызматтар үчүн төлөп жатканда ыңгайсыз көрүнгөн ыкма чындыгына келгенде жөнөкөй, ыңгайлуу жана ишенимдүү экенин көрсөткүбүз келди", - дейт Beeline`дын санариптик жана каржылык тейлөөлөрдү өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Константин Махеня.

Азыркы тапта Balance.kg аркылуу жүздөгөн кызматтар боюнча, онлайн-дүкөндөрүндө жана QR-код менен офлайн-түйүндөрдө төлөм жүргүзсө болот. Кофе ичүүчү жана көңүл ачуучу жайларда, тамакты үйгө жеткирүү кызматтарында, гүл саткан дүкөндөрдө тиркемени колдонууга болот. 2018-жылдын соңунда тиркемени пайдалангандардын саны 400 миңге жеткен, жалпы 400 миллион сом акча которуулар катары иштетилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: