super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова: "Аялдарга тиешелүү мыйзам нормалары толугу менен иштеген жок"

 
Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айылдык кеңештерде аялдардын саны азайып жатканын белгиледи.
“Аялдардын укугуна көңүл буруш керек. Бул Баш мыйзамда көрсөтүлүп, бардык мыйзамдарда каралган. Мыйзам нормалары канчалык деңгээлде иштеп жатканы башка маселе. Ачык айтуу керек, мыйзам нормалары толугу менен иштеген жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар мамлекеттик деңгээлде иштеш үчүн аракеттерди жүргүзүп, айымдардын ролун так белгилешибиз керек. Айылдык кеңештерде жылдан жылга аялдардын саны азайып баратканы бизди тынчсыздандырат. Бүгүнкү күнү болуп жаткан сүйлөшүүлөр, Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлүп жаткан маселелерге мамлекет тарабынан көңүл бурулушу шарт. Мындан тышкары аялдардын ден соолугу, билим алуусу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек”, - дейт Өмүрбекова.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова, "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова, журналисттер Махинур Ниязова, Мирлан Самыйкожо, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: