super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык мэриясы кышка даярдык көрүү боюнча токтом кабыл алды

 

Бишкек шаардык мэриясы 2013-2014-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү жөнүндө” токтомун чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө токтомдун тексти:   

    

- “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы 2013-жылдын 20-сентябрына чейин бардык жылуулук булактарын алдыдагы кыш мезгилине даярдап, керектүү отундун көлөмүн камсыз кылсын;

    

 -  Жылытуу мезгилинин башталышына чейин “Ротор” жана “КЭЧ-2” мекемелерин кургак отунга өтүүсүн жана шлактарды чыгаруу жолдорун иштеп чыксын;

    

 - “Түндүк электр” ААКсы 2013-жылдын 15-ноябрына чейин кошумча көмөк чордондорду орнотуп, аба чубалгыларын алмаштырууну камсыз кылсын жана электр жарыгынын өчүрүлүшүн азайтуу чараларын көрсүн;

    

 - Бишкек шаарынын ЖЭБи иш планга ылайык, электр станциянын жабдууларын оңдоп, калыбына келтирүү менен алдыдагы жылытуу мезгилине даярдасын;

    

 - “Тазалык” муниципалдык ишканасы кар тазалоочу жана кум чачуучу техникалык каражаттардын 15-25 бирдигин сатып алуу маселесин иштеп чыксын. Техникалык каражаттарды даярдап, инерттик материалдарды даярдоону өз убагында жүргүзсүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: