Садыр Жапаровдун апасы каза болду
Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова бүгүн, 7-мартта каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастады.
Белгилүү болгондой, Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринин урология бөлүмүндө көз жумган. Жерге берүү зыйнаты Ысык-Көл облусунун Түп районунда болот.
SUPER.KG порталы Садыр Жапаровдун аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтат.
2017-жылы 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-колонияда жазасын өтөп жатат.


Апасы менен коштошуу зыйнатына алып баргыла. Ар кимдин башына келчу нерсе, атасы менен да коштошпой калган. Ак ийилет ,бирок, сынбайт.
Жакындарына сабыр тилейбиз, бейишин берсин ылайым!!!
Садыр мырзага уруксаат бергиле жок дегенде эми апасынын кабырына топурак салып келсин.
Коштошуу зыйнатына алып баргыла,Жээнбеков айколдугунду корсотчу!Акжурок,айкол болсон жибер апасына!