super.kg logo

Жактоочу: "Садыр Жапаровду апасын жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат сураганбыз, бирок расмий жооп келе элек"

 

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго апасы каза болгонун абактын кызматкерлери угузду. Апасын жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат сураганбыз, бирок расмий жооп келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Кечээ, абактын кызматкерлери аркылуу Садыр Жапаровго суук кабар угузулду. Мен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абак жайынан аны апасын жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берүүнү өтүнгөм. Азыр расмий түрдө жооп келе элек. Жерге берүү зыйнаты эртең, 9-мартта саат 11де Түп районунун Кең-Суу айылында өтөт", - деди жактоочу.

Белгилүү болгондой, Жапаровдун апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринен кечээ каза болгон. 2017-жылы 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгондо ага жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.03.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уруксат берип койсо экен чыгып эмне барып топурак салып келет да. Чыгып эле бейбашттык кылат беле кудай ак жеринен отурганын билет бир оомат берсе экен Садырга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: