"Чай куюу келиндин милдети эмес", "Кааласам төрөйм, каалабасам жок"... "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын талкууга түшкөн чакырыктары












Бүгүн, 8-мартта борбор калаада "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митинг Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы бийи менен жыйынтыкталды.
Тынч митингдин уюштуруучуларынын айтымында, ага болжол менен 500гө жакын адам катышты. Алгач митингге 250-300гө жакын адам чогулган, кийин алардын саны өскөн. Ага катышуу үчүн айрымдары Казакстандан да келген. Митингдин жүрүшүндө уюштуруучулардын "Келин болуу - бул кулчулук", "Чай куйганга милдеттүү эмесмин", "Аялдын орду Ак Үйдө", "Кааласам төрөйм, кааласам төрөбөйм", "Аял бала төрөөчү машина эмес", "Менин денем - менин ишим", "Жети апамды билем" деген ураан, чакырыктары көп кайталанды. Кыргыз коомчулугу бул чакырыктардын баарын эле колдобой турганы интернет баракчалардан байкалууда.
"Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын координатору Айзат: "Биздин кыймыл 2009-жылдан бери иш алып барат, расмий түрдө 2012-жылдан бери иштеп келебиз. Бул жылы төртүнчү жолу тынч митинг өткөрүп жатабыз. Чынын айтсам, биринчи жолу бул митингге ушунча көп адам катышып берди. Биз эч кимди чакырган эмеспиз, бүгүнкү митингге катышкандардын баары өз каалоосу менен социалдык тармакта тараган маалыматтардан окуп чогулгандар. Кимдир бирөөнү бул митингге катыш же катышпа деп каршылык көрсөтө албайбыз", - деди.
Казакстандан келген "Не молчи КЗ" кыймылынын өкүлү Йоханна: "Казакстанда бул маршка тыюу салынган, тыюу салуу бир нече жылдан бери уланууда. Мен кичинекей кезимде педофилдин курмандыгы болгом, кийин чоңойгондо да сексуалдык зордук-зомбулукка кабылдым. Мен өзүмдү кир жана жаман сезчүмүн. Төртүнчү жолу өз өмүрүмө кол салууга аракет кылганда буга менин майыптыгым себеп болгонун түшүндүм, бир колумдун билектен ылдый жагы тубаса жок.
Чынында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар зордук-зомбулукка көп кабылышат. Кыргыз өлкөсүндө абал кандай экенин билбейм, бирок Казакстанда мындай аялдарды коргоо үчүн эч нерсе жасалган жок. Буга менин 30 жылдык өмүрүм далил", - деди.
"Феминисттик демилгелер" кыймылы аял укуктары, аларга жетиштүү көңүл бурууну талап кылып чыгабыз деп окшош жыныстуулардын мамилесин колдоорун ачык көрсөтүштү" дегендер четтен чыгууда. Буга жүрүштүн катышуучуларынын ЛГБТ желегин оронуп жүргөнү, жүрүштүн соңундагы эркек адамдын кызча бийлегени жана айрым лозунгдары далил болду.
Жөө жүрүшкө Жогорку Кеңештин экс-депутаттары жана активисттер, кичинекей балдары менен келген энелер жана эркектер да катышты. Коомдук тартипти Бишкек ШИИББинин кызматкерлери камсыздашты.
Жүрүштөн тартылып алынган айрым сүрөттөр талкууга түшүп, кээ бирлер кыжырланып жатканын жашырышкан жок.






Намаз окуу, диний фанатизмдин бул нерсенин кереги жок. Ошол намаз окуйбуз дегендерди коруп жатабыз. Корунгон жерде арабташып журушот.
Аларды ээрчип алган кыргыз аялдары, жепжутарларга жол болсун.
Чай куюп берүү бул сыйлоо эмеспи, анын эмнеси кулчулук. Ойгон Кыргыз аялзаты, батыштан келген жин шайтандарды ээрчибе!
Кобу тушунбосо деле керек эмнеге барышканын, эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп
Албетте мен бул митингди колдобойм дечи. Андай нерселерди үй бүлө өзү эле чечишип алса болот.
Асылбек "кызым Зере, чай ичкен сон идиштерди озунор жыйыштырып озунор жуугула деп акылдуу кеп айтты" деп дооруп журот эле го?!!
Ошол Асылбек Роза апжесин (Отунбаева) кошо алып чыкпаптыр да, ошого окшогондордун митинги экен, Батыштын кулу болгон.....