super.kg logo

Күтүлбөгөн жагдай: Шампан куюлган бокалдардан курулган пирамида урап, оркестр тынчып калды

 

8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган кече күтүлбөгөн жагдайды жаратты. Социалдык тармактарга тараган видеодогу маалыматка ылайык, Орусиядагы "Сбербанктын" жамааты кесиптеш айымдарды өзгөчө маанайда куттукттоо идеясын ойлонушкан.

Бокалдардан курулган пирамида, анын айланасында оркестр ойноп жатты. Мындай жагдай пирамиданын эң үстүндө турган бокалга шампан куюу учурунда таптакыр башка нукка өзгөрдү. Тактап айтканда, шампан куюп жаткан жигиттердин бири өзү да күтпөгөн учурда эң үстүдөгү бокал кулап, артынан алдындагы бардык бокалдар сынып, пирамида урап түштү. Тегеректеп тургандардын чочуп, таң калган үндөрү чыгып, оркестрдин үнү тынчып калды.

Орусиялык маалымат булактары аталган банк бул боюнча комментарий бере электигин жазышууда. Айрым маалыматтарга караганда, "Сбербанк" шампан куюлган бокалдан пирамида жасоо үчүн бармен жалдап алып келген. Көптөгөн интернет колдонуучулар аны тажрыйбасыз деп сыпатташууда.






Бокалдан курулган пирамида шампан куюп жатканда урап түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.03.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокустук болсо керек. Бирок айымдардын майрамдык маанайы тушуп калган болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: