Садыр Жапаров: "Ата Журт" Ахматбек Келдибековдун премьер-министрликке талапкер болушун колдобойт"
"Ата Журт" фракциясы депутат Ахматбек Келдибековдун премьер-министрлик кызматка талапкер болушун колдобойт, анткени ал партиядан чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу маалымат агенттиктеринин бирине "ата журтчу" депутат Садыр Жапаров 25-июлда билдирди. "Ата Журт" Келдибековду колдобойт, талапкерлигин койсо, өз алдынча коёт",- дейт Жапаров. Келдибековдун премьер-министрлик кызматты көздөп жатканын ММКлардан билгенин айткан Жапаров коалиция өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүүнү сунуштап калса татыктуу "ата журтчулар" бар экенин кошумчалады.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

