super.kg logo

"Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшүнө каршы болуп жаткан "Кырк чоро" бүгүн аларды гүл менен тосуп алды

 

"Кырк чоро" бирикмесинин өкүлдөрү борбордо "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы айрым катышуучуларын майрам менен куттуктап гүл тартуулашты.

Буга чейин "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев аталган митингге каршы чыгарын жана ал жүрүштүн Кыргыз өлкөсүнө кереги жок экендигин билдирген.

Митинг учурунда "Кырк чоронун" өкүлдөрү жүрүшкө чыккандарга эч кандай тоскоолдук кылган жок, тынч митингдин негизги бөлүгү түшкө чейин аяктап, кийинки бөлүгү саат 15:00гө чейин улантылат.

Бирикменин 6 өкүлү жана анын лидери Замирбек Көчөрбаев жүрүшкө чыккан кыз-келиндерге борбордук аянт аркылуу өтүп бара жатышканда гүл таратышты. Бирикменин өкүлү аялдарды коргоого даяр экенин айтып телефонунун номерин жарыялады.






"Кырк чоро" "Феминисттик демилгелер" кыймылынын кыз-келиндерине гүл берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
08.03.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чоробаштар феминисттерден эмес, оздорунун аялдарынан коркуп кетишти окшойт. Чоробаштар корунгон аялдарга патриот боло бербей, кочого таштандыларды ыргыткан, тукурунуп, какырынып, тамекинин калдыктарып сасытып корунгон жерге ыргыткандарга барып патриот болгула. Ошолорго барып кыргыздын менталитетин уйроткуло. Анан келип алып аялдарын кийген шиш такасына асыла бербей.
Медиа-портал
08.03.2019. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жана форо деп журот белее. )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: