super.kg logo

Экс-депутат: "Аялдардын укуктары мамлекетте өзгөчө макамга ээ болушу керек"

 

Аялдардын укуктары мамлекетте өзгөчө макамга ээ болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге катышкан экс-депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

"Адамдын укугунун ичинен, аялдардын укуктары мамлекетте өзгөчө макамга ээ болушу керек. Бизде жалпы аялдардын укугу аябагандай басмырланууда. Колдон келишинче бул маселеге коомдун, бийликтин көңүлүн бурдурууга аракет кылуу керек. Биз келиндердин, кыздардын укуктарына көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл. Тынч митингде башка мамлекетке таандык көйгөйлөр айтылгандай болду. Ал маселелерди тез арада чечүүгө чара көрүү зарыл. Анын ичинде кыздардын укугу окууга, өсүүгө, өнүгүүгө карьера жасоо сыяктуу нерселер бар. Мында коомдун эмес, айрым ата-энелер тарабынан да басмырлоо учурлары көп катталат. Аялдардын парламентте, бийликте болуу маселесин чечүү керек. Бул мамлекеттин иши, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарыл.

Бул марштар менен гана көңүл бурулбайт. Бирок дүйнөлүк практикада ушундай марштар аркылуу көңүл бурулат. Мындай адамдардын, коомдун өкүлдөрү парламентке, өкмөткө барганда гана жылыш болот", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: