super.kg logo

АКШ Гүлнора Каримованы 865 миллион доллар пара алган деп айыптоодо

 

АКШда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримовага жана орусиялык "МобильдикТелеСистемалары" телекоммуникация компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы директору Бекзод Ахмедовго кылмыш иши козголду.

"РИА Новости" басылмасынын Нью-Йорк шаарынын прокуратурасына таянып жазганына караганда, Каримова өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып үч телекоммуникациялык компаниядан 865 миллион доллар пара алып, кийин аны АКШнын каржы системи аркылуу адалдаган.

Ошондой эле маалыматта "МобильдикТелеСистемалары" компаниясынан сырткары "Vimpelcom LTD" жана "Telia Company AB" компаниясынан опузалап акча талап кылганы айтылат.

"МобильдикТелеСистемалары" АКШнын Юстиция министрлиги, биржа жана баалуу кагаздар боюнча комиссиясы менен 865 миллион долларды төлөө боюнча келишим түзгөн. 2015-жылдын жаз айларында Юстиция министрлиги Голландиянын прокуратурасы менен бирге Каримованын катыштыгы болгон "Vimpelcom", "МТС" жана "TeliaSonera", "Takilant" компанияларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерди териштире турганын билдирген. Мындан улам АКШ Европанын беш өлкөсүнө Гүлнора Каримованын 1 миллиард доллар активдерин тергөө ишине байланыштуу камакка алуу өтүнүчүн жолдогон.

Тергөө ишинде белгилүү болгондой, байланыш компаниялары Өзбекстандын базарына чыгуу укугуна ээ болуу үчүн Каримова менен байланыштагы структураларга ири суммадагы акчаларды берип турган. Бул иштин негизинде "Vimpelcom" компаниясы 2016-жылы 795 миллион доллар төлөгөн", - деп айтылат маалыматта.

Гүлнора Каримовага 2017-жылы декабрь айында уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин жаза өтөө мөөнөтү 5 жылга кыскартылып үй камагына алынган. Бирок ал үй камагында экенине карабай Дубайга барып келди деген негизде март айынын башында камакка алынды.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
08.03.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдар Акаев, Максим Бакиев мн чогуу окуган айым окшойт
08.03.2019. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошончо акчаны башына урабы деймда, проблема көбөйтүп, өзүнүкү, атасыныкы деле жетиштүү болсо керек, тынч эле соонун жашап жүрбойбү тооба, жүрөт эми камактан камака которулуп,
09.03.2019. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоо бумеранг деген ушу да атасы президент кезинде аябай аябай жыргап ичип гулдоп озбекстандын казынасын каалагандай калчады!! Эми мына кудай жазалап жатат козунон жаш токтобой жатат кайра кайра ыйлап азыркы президенттен жардам сурап кайрылды откондо!! Эми Каримовдордун сериалы бутту болду!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: