super.kg logo

Бүгүн Садыр Жапаров апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, кайра абакка кетти

 

Бүгүн, 9-мартта абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун апасы жерге берилди. Саясатчы апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандан кийин кайра аны абакка алып кетишти.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Токтосуновдун айтуусунда, Садыр Жапаровго бир күнгө гана уруксат берилген.

"Садыр Жапаровго апасына топурак салып келүүгө гана уруксат берилген. Ал туугандары менен коштошуп, кайра абакка кетти. Аны коштоп атайын ички иштер органынын кызматкерлери (конвой) келишкен, ошолор алып кетишти", - деди жактоочу.

Саясатчынын апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Жапаровдун апасын жерге берүү зыйнаты бүгүн саат 11де Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында болду. Буга чейин 2017-жылы анын атасы каза болгондо жаназасына катышууга уруксат берилген эмес. Анын чоо-жайын ошол учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф төмөндөгүдөй түшүндүргөн.

"Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык, 226, 226-6, 227, 229, 232, 294, 295-1, 296, 299, 299-3, 375 жана 376-беренелер боюнча соттолгондорго кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт. Мындан улам анын СИЗОдон тышка чыгуусу мүмкүн эмес", - деген.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
09.03.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушул Жапаровтун Ата-Энесинин ыйы бийлике такыр жетпей койду, бийликтегилерде журоктун ордунда таш турса керек.
09.03.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суперде Кадижан Максутова деп жазылса,башка сайттарда Кадича Жапарова деп жазып атышат.
Жаткан жери жайлуу болсун..
09.03.2019. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай окунучтуу...
09.03.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын мыкты, чыган жигиттеринин баары абакта отурса кантип биздин олко онолмок элееееееее!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: