super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Кыздардын эрте турмушка чыгуусун жана ажырашуулардын себептерин талкуулаган тегерек стол болуп өттү

 
Бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад шаарында "Кыргызстанда гендердик теңдикти жана чыр-чатактардын алдын алуучулар катары аялдардын потенциалын чыңдоо: 3-баскыч" долбоорунун алкагында тегерек стол болду. Ага долбоордун жетекчилери, шаардагы 5 аймактык башкармаллыктын лидер айымдары жана диний уюмдун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада жашы жете элек кыздардын эрте турмушка чыгуусу жана ажырашуулардын келип чыгуу себептери талкууланды. Аталган долбоордун жетекчиси Мавлюда Тынаеванын айтымында, бүгүнкү күндө кыздар 9-11-классты аяктабай турмушка чыгып кетип кетишүүдө. "Буга көпчүлүк ата-энелердин чет өлкөгө кетип, балдарга жетиштүү тарбия берилбей жатканы себеп болууда. Учурда жаңы баш кошкон көпчүлүк жаштардын нике күбөлүктөрү жок. Алардын нике бюнча түшүнүгү да жетиштүү деңгээлде эмес. Биздин милдет - коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюу жана аларды болтурбоонун алдын алуу болуп эсептелет", -дейт Тынаева. Белгилей кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде чыр-чатактардын алдын алууда аялдардын демилгелүү топторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоору Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып келет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: