Бишкекке Азербайжан мамлекети эс алуу багын жана мектеп куруп берет
Бишкек шаарына Азербайжан Республикасы Гейдар Алиев атындагы эс алуу багын жана мектеп куруп берет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Азербайжандын элчиси Гидаят Худуш уулу Оруджев Бишкекке келип мэр Азиз Суракматов менен жолуккан. Алар парк жана мектеп куруу боюнча тиешелүү меморандумга кол коюшкан. Аталган долбоор боюнча эки өлкөнүн президенттери жолугушкан учурда сүйлөшүлгөн.
Эс алуу багы шаардын түштүк тарабында Байтик баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, ал эми мектеп Көк-Жар конушунда орун алат. Курулуш иштери ушул жылдын жай айларында башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

Рейтинг:
2

Арабтардын азанын уккубуз да келбейт. Окмот азанга тезирээк тыюуу салыга. Азан менен элибиз жаарып кетпейт. Мечитке барсан алла берет деп алдап журушот. Алласы бербей эле кыргыздар ар кайсы жерде кайырчы болуп келе жатабыз. Мечит жон гана жаштарды арабташтыруу максатында курулуп жатат.
Качан өзүбүз курабыз