super.kg logo

31 жаштагы Саламат Осмонов 5 айдан бери төшөктө жатат. Ал Орусиядан операция жасатуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт

 

Бишкек шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Саламат Осмонов SUPER.KG порталына кайрылып, коомчулуктан жардам суроодо.

Ал 2005-жылы кулап кетип жамбаш сөөгү сынып, сол жак сөөгүнө эндопротез салынган. Бирок андан жакшы жыйынтык чыкпай, 2009-жылдан баштап жарааты ырбап кеткенин айтты.

"2018-жылдын декабрь айынан тарта абалым оорлошуп, жараатым күч ала баштады. Мага остеопороз, остеомиелит диагнозу коюлган. Сакайып кетишиме ата-энем, туугандарым болгон күч-аракеттерин, акча-каражаттарын жумшады. Тилекке каршы, биздин дарыгерлерден жыйынтык чыккан жок. Бүгүнкү күнгө чейин 9 жолу операция жасалды. Өзүм 2-топтогу майып болуп калдым. Азыркы тапта жаракатым ириңдеп, өз алдымча баса албай, 5 айдан бери төшөктө жатам.

Көп жерлерге кайрылып отуруп, жыйынтыгында операция Орусияда жасалмай болду. Ал жакка барып дарылануунун биринчи этабына 10 миң доллар суммасындагы каражат керектелет экен. Мындай каражат бизде жок. Ошол себептен кайдыгер карабаган адамдар жардам берет деген үмүт менен кайрылып жатам", - деди Осмонов.

Саламат Осмонов үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Осмоновго жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Банктык эсеби №1280016052973329;

Байланыш телефону жана ЭЛСОМ: 0700 092723.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.03.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах шыфа бересин, умут узбо иним Кыргыз эли жоомарт эл..
10.03.2019. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шыпаа тилеймин, каражат чогулуп, бат айыгып кетсин(((((
10.03.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шыпаа берсин.
10.03.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шыпаасын берсин,сакайып кет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: