super.kg logo
  Спорт  

Муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугунда орусиялык Александра Трусова кайрадан алтын медаль утту

 
Александра Трусова
Анна Щербакова
Тиң Цуй

10-мартта Хорватиянын Загреб шаарында өспүрүмдөр арасында мүз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда Орусиянын муз үстүндөгү бийчилери жылдагыдай эле мыкты жыйынтык көрсөтүп медаль тагынышты. Мелдештин акыркы күнү кыздар арасындагы мелдеште спортчулар эркин программасын көрсөтүштү.

1-орун: Александра Трусова (Орусия) – 222,89 упай.
2-орун: Анна Щербакова (Орусия) – 219,94 упай.
3-орун: Тиң Цуй (АКШ) – 194,41 упай.

Мелдеште биринчи орунду алган 14 жаштагы Александра Трусова Дүйнө чемпиондугунун эки жолку жеңүүчүсү болду. Былтыр Болгарияда өткөн чемпиондукта эркин программасын көрсөтүп 153,49 упайга ээ болсо, быйыл 150,40 упай алды. Бул жолкусунда жалпысынан 222,89 упай менен алтын медалга жетишти. Трусова эркин программасына 3 жолу 4 айланып секирүүнү киргизген. Биринчи секирүүсүндө катачылык кетирип кулап түшкөнү менен, кийинки секирүүлөрүн ийгиликтүү аткара алды. Анын программасы техникалык жактан уландардын программасына тең келе алат. Кыздар арасында эч ким бир программада 3 жолу төрт айланып секире элек.

Экинчи орунду алган 14 жаштагы Анна Щербакова да эркин программасына 4 айланып секирүүнү (лутц) кошкон. Кыска программасын көрсөтүп, лидерлик позицияда келе жаткан Анна Щербакова 147,08 упайга ээ болду. Жалпы көрсөткүчү 219,84 упай.

3-орунду алган АКШнын спортчусу Тиң Цуй муз үстүндө балет бийин көрсөттү. Ал кыска программасын көрсөткөндөн кийин да 3-орунда келе жаткан. Эркин программасы үчүн 126,72 упай алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
10.03.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен кучтуу,кийинки жылдан баштап чондордун составына кошулат.Загитова Медведевалар коркуп жатышса керек )))
10.03.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,корксо да коён өлөт,коркпосо да уоён өлөт дегендей
10.03.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экинчи кыз сонун бийлептир го.
10.03.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай фигурная кыздар менен согушсан ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: