super.kg logo

Самара Каримова: "Тун уулубуз Барсбектин чоң сахнада тушоосу кесилип, көп күйөрманым ага ооп кетти"

 

Ырчы Данияр Эрматовдун Ош шаарында өткөн жеке концертинде 7 жаштагы Барсбек чоң сахнага биринчи жолу чыгып кыялы орундалды. Анын апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага байланышканыбызда көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан видео, уулу жана анын кызыгуулары тууралуу айтып берди.

Айтымында, Барсбек ырчы Данияр Эрматовду кумир тутуп, ырларын жаттап, чач жасалгасынан тартып кийинүү стилине чейин окшошууга аракет жасайт.

"Негизи үйдө ырдап, бийлеп эле жүрөт. Даниярдын чыгармачылыгын жактырып, ырларын аткара берет. Ал концерт коюп келет дегенде эле мен да барайын, дуэт ырдайын деп жүрдү. Балага көз тиет, алып барсам туура болобу деген ойдо ээрчиткен эмесмин. Концерттин экинчи күнүндө аябай каалоосу чоң экенин билдирди. Баланын мындай кыялына да кол шилтеп коё албайт экенсиң. Салондон чачын дал эле кумириникиндей жасатып, кийимдерин да окшоштуруп кийип, жолдон гүл алдырып өтө даярданып барды. Атасы макул болгондон кийин чоң сахнага чакырдык", - деди Каримова бул тууралуу.

Ошондой эле ал Барсбек сахнага чыкканда мынчалык образга кирип ырдайт деп күтпөгөнүн кошумчалады.

"7 жаштагы уулумду ушунча элдин алдына чыкканда сүрдөп ырдай албаса керек деп ойлогом. Тескерисинче, көздү жумуп, ырын бий менен коштоп өзүн тажрыйбалуу ырчыдай көрсөтүүгө аракет жасады. Уулуңдун мындай талантын көрүү өзгөчө сезим экен. Данияр да аны абдан кубаттады", - деген ырчы айым "уулу ырдап жатса эмнеге күлөт?" деп сындагандарга да жооп кайтарды. Ырчынын айтымында, негизинен Барсбектин сахнадагы аракеттери боюнча жакшы пикирлер айтылып, башка өлкөдөн да чалгандар көп болууда.

"Тааныштар, күйөрмандар чалып "бүгүндөн баштап мен Барсбектин күйөрманы болуп калдым" деп жатышат. Ошол эле учурда менин күлгөнүмдү туура эмес дегендер бар. Сынга көнүп калгам. Күлкүм - уулумдун мен күткөндөн да берилип ырдаганынан чыкты, бул аны шылдыңдоо эмес, өзүмдөгү жагымдуу сезимдердин күлкүсү болду", - дейт ал.

Барсбек ушул жылы 1-класска барат. Көп музыкалык аспапта ойноого, ыр, бийге абдан кызыгат. Данияр Эрматов менен дуэт жаздырып, клип тарттырууну кыялданарын ата-энесине айтып жүрөт. Каримова белгилегендей, 2 уулу чыгармачылыкка жакын, ал эми кызынын кызыгуусу башка тармакта. Ырчы айым адегенде Барсбектин жакшы билим алуусун камсыздоону, ырчы болуу каалоосуна тоскоол болбой, колдой турганын да айтты.






Самара Каримованын уулу Барсбек чоң сахнада

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
10.03.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баштагыла талкууну
10.03.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баласы жан дили менен ырдап атса кыйшындап не кулот тиги?
10.03.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырчылар балдарынын уну барбы жокпу иштери жок эптеп эле сахнага алып чыга беришет
10.03.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Самарага жаппжаңы пиар даяр болуптур да. Эми өзүн да баласын да пиярлап инстаграммда төшөк салып жатып алат кенда.
10.03.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
очередной пиары башталды
10.03.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оппо тим еле ..
10.03.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмоцияга алдырып да кулсо керек,ширинтай экен.Коз тийбесин
11.03.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Skarlett-Skarlett, куник эле баланы ширин деп отура бер
11.03.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chagylgan2,Балдардын баары ширин мен учун,бала сезимин тебелеп,сынга албагыла,шагын сындырбагыла.Мен учун баардык бала аттуу ширин жана баарын,,кучугум"деп эркелетем.
10.03.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Самара жакшы эле ырдайт,наам эртерээк алып жаман корунуп алды.Кичине убакыт керек эле.
10.03.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Skarlett-Skarlett,Ооба жакшы эле ырдайт.Самара,Шахра,Каныкей эжелер да жакшы ырлайт.Самаранын элге жакпаган жери ашыкча эле өзүн пиар кыла берип,элдин кыжырын келтирип алды.
Медиа-портал
11.03.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Коро албастар дагы жазгыла! Талкуулагыла, сындагыла)))
11.03.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Самаранын не кыласыңар өйдөңкү айылда Айдананын тою болтат. Ошого кеттик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: