super.kg logo

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө маселе каралат

 

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жыйында "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Ал эми баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кылат.

Аталган долбоор тууралуу эл өкүлдөрү буга чейин айыл чарба продукциясындагы баанын туруксуздугунан дыйкандар жапа чегип жатканын айтышкан.

"Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, ар бир жылда алдын-ала анализ жасап, дыйкандар кайсы продукцияны өндүрүшү керектиги тууралуу айткыла, маалымат бергиле. Эмдиги жылы эттин баасы түшүп кетсе эмне кыласыңар? Эч нерсе чыгара албасаңар лабораториялардын эмне кереги бар? Азыркы иштеп жаткан ишиңер начар. Эмне отурасыңар билбейбиз", - деп нааразы болушкан.

Мындан тышкары жыйында жайыттар жөнүндө дагы маселе каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: