Футболчу Мирлан Мурзаев өлкө чемпиондугуна кайтып келди
Футбол боюнча улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев "Дордой" клубуна өттү. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мурзаев өлкө чемпиондугунда 99-номерде ойнойт.
"Түркиялык "Сомаспор" клубу менен түзгөн келишиминин мөөнөтү соңуна чыгып, Кыргыз курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев "Дордой" клубуна өттү. Чабуулчу менен 2019-жылдын аягына чейин келишим түзүлдү. Мурзаев келерки аптада командага кошулуп, машыгууларды баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Мирлан Мурзаев 2007-2010- жана 2012-2013-жылдары "Дордой" клубунун катарында ойногон. 2014-жылы Түркиянын "Денизлиспор" клубуна өтүп, кайра жыл аягында бишкектик клубга кайткан. 2015-жылдан баштап Түркиянын "Афёнспор", "Ушакспор", "Серик Беледиеспор" жана "Сомаспор" клубдарында ойноп келген.
Улуттук курама команданын катарында 2009-жылдын март айында Непалга каршы оюнда дебют жасап, жалпы 41 беттеште 9 жолу айырмаланган. Жыл башында өткөн Азия Кубогунда Кыргыз өлкөсүнүн бардык оюндарында негизги курамдан чыгып, Бириккен Араб Эмираттарынын дарбазасына гол киргизген.





1 |