super.kg logo

Кыргыз мамлекетине Евразия өнүктүрүү банкы "Ден соолук кербени" долбооруна 2 миллион доллар грант бөлөт

 

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени" долбооруна грант берүү тууралуу маселе каралууда.

Анда депутат Сайдулла Нышанов аталган долбоор аркылуу келе турган гранттык каражаттарды туура пайдалануу керек экенин айтты.

"Евразия өнүктүрүү банкы жалпы 2 миллион доллар макулдашуу түрүндө грант берип жатыптыр. Ал каражаттар суудай агып кетпесин. Алыскы аймактарга ала турган көчмө унааңарды жабдуусу менен алгыла. Азыркы күндө жугуштуу оорулар көбөйүп жатат. Өзгөчө грант катары келген нерсени жакшы кабыл алсак. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен кээ бир аймактарда адамдар жаман ооруларды жугузуп алышууда. Тиш дарыгерлер тарабынан көп оорулар жугууда. Ошол себептен дарыгерлердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн аларды жок дегенде бир жумадан окутуп турсаңар", - деди эл өкүлү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында 400 миң доллардан эки КамАЗ алынарын билдирди.

"Аймактардагы эл шаарга келип дарылана албай жатышат. Ошол себептен "Ден соолук кербени" долбоорун ишке ашыралы деп жатабыз. Ал эми дарыгерлерди окутуу тренингдерине 400 миң доллар каралган", - деди Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: